Түркмөнстанда коронавируска каршы эмдөөдөн баш тарткандарга айып пул салынат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Түркмөнстандын Лебап аймагында жарандар коронавируска каршы вакцина алуу үчүн 300 манат (86 долларга жакын) төлөөгө мажбур. Ал эми эмдөөдөн баш тарткандарга 113 манат (32 доллар) айып пул салынат.
Аталган аймакта 75 жаштан өткөн жарандарды COVID-19 вирусуна каршы эмдөөдөн өткөрө башташты. Буга чейин өлкөдө мамлекеттик кызматкерлер, медицина мекемелеринин жана милиция кызматкерлери эмдөөдөн милдеттүү түрдө өтүшкөн. Мындан тышкары эмдөөдөн өтпөгөн мамлекеттик кызматкерлер да жумуштан алынары эскертилген.
Белгилей кетсек, июль айында Түркмөнстан коронавируска каршы эмдөөнү милдеттүү деп жарыялаган.