Депутат Умбеталы Кыдыралиев "Кыргыз алтын" ишканасынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына тастыктады.
"Бул кызматка бүгүн дайындалдым. Ишке киришип, учурда чогулуш өткөрүп жатам", - деди ал. Буга чейин бул кызматты Маратбек Чолпонкулов жетектеп келген.
Кыдыралиев "Республика - Ата-Журт" фракциясынан депутат болуп келген.
Ал 1967-жылдын 16-августунда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Таш-Көмүр шаарында туулган.
1990-жылы Луцк мамлекеттик университетин, 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин “юриспруденция” адистиги боюнча, 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы “Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1991-жылы “Капитал” коммерциялык уюмунун директору болуп иштөө менен баштаган.
1996-жылы - “Бишкек-Тамекиси” АКунын башкармалыгынын төрагасынын орун басары;
1998-2004-жылдары - “Капитал-Контракт” ЖЧКнын башкы директору;
2000-жылы - Кыргыз Республикасынын Улуттук Бокс Федерациясынын президенти;
2004-2005-жылдары - Кыргыз Республикасынын курамаларын олимпиадалык даярдоо борборунун директору;
2005-жылы - Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
2005-2006-жылдары - өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары;
2004-жылы - Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
2006-2010-жылдары - Алматы шаарында Кыргыз Республикасынын башкы консулу;
2011-2012-жылдары - өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору;
2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.