Бишкек шаарынын Чүй кең көчөсүндө маршруттук каттамдын жүргүнчүсү каза болду. Маалыматты Бишкек шаардык "Тез жардам" борборунан тастыкташты.
Маалыматка караганда, "Тез жардам" кызматына чакыруу саат 8:50дө түшүп, бригада 9:10до жерине жеткен.
"Медиктер келгенде аталган жарандын каза болуп калганын аныктаган, бирок азырынча себеби белгисиз", - деп билдиришти аталган борбордон.
Алдын ала маалымат боюнча, каза болгон жаран 30 жашта болчу.