Токио Олимпиадасында күч менен чыгарылууга аракет жасалган спортчу Кристина Тимановская 2019-жылы Минскиде өткөн Европа оюндарында утуп алган күмүш медалын аукционго чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, медалды сатуудан түшкөн каражат Беларусь өлкөсүндөгү бийликке каршы тарапта турган Беларусь спорттук тилектештик фондуна которулат. Күмүш байгенин алгачкы баасы 5 миң доллардан башталган. Азырынча аны сатып алууга кызыкдар болгон жалгыз адам бар экени да кабарланды.
"9-августтагы окуядан соң Беларусь өлкөсүндө көптөгөн спортчулар жабыркады. Ошондуктан мен өзүнүн ою жана көз карашынан улам жапа чеккен спортчуларды колдоо үчүн Европа оюндарында уткан эң баалуу медалымды аукционго коюуну туура көрдүм", - деп жазган спортчу айым социалдык тармактагы баракчасына.
Белгилей кетсек, Кристина Тимановская Олимпиада оюндарындагы жүрүшүн 100 жана 200 метр аралыкка чуркоодон баштамак. Бирок коронавируска каршы тапшырган тесттин жыйынтыгынын жетишсиздигинен улам 400 метр аралыкка чуркай турган спортчулар Олимпиададан четтетилгендиктен машыктыруучулар анын ордуна Тимановскаянын катышуусун талап кылышканы айтылган.
Спортчу айым мындай көрүнүштү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу сынга алып "жетекчилик сапатсыз иштерин спортчулардын эсебинен жапканга аракет кылып жатат" деп сынга алган.
Бул окуядан кийин Беларусь бийлиги спортчу айымды Токиодон күч менен чыгарып кетүүгө аракет кылышканы айтылган. Жөө күлүк жеке коопсуздугу үчүн Европадан баш паанек сурап, Польшага учуп кеткен.