Ашыкча салмактагы депрессиядан моделдикке чейин. Бразилиялык 33 жаштагы аял 2 жылда 71 килограммга арыктады

Бразилиялык Монализа Моура аттуу аялдын эки жыл ичинде 71 килограммга арыктаганы көпчүлүктү таңдантууда. Анын дене түзүлүшүнүн өзгөрүүсүн, арыктоого карата көргөн аракеттерин чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, 33 жаштагы Моура 2014-жылы экинчи баласын төрөгөн соң салмагы 139 килограммга чейин жеткен. Негизинен ага чейин да толук айымдардын катарын толуктап келген.

Моурага төрөттөн кийинки депрессиясына кошулуп 139 килограмм салмагы жагымсыз сезимдерди жараткан. Ал тургай ал өз жанын кыюуга аракет кылганга чейин барган. Бирок жашоосун өз колуна алып, дене мүчөсүн жакшы формага келтирүүгө бел байлаган.

Адегенде жергиликтүү клиникалардын бирине кайрылып, ашказанына резекция (көлөмүн 15 пайызга кичирейтип) жасаткан. Албетте, бир эле операция ашыкча салмактан арылтпай турганын билип, тамактануусун иретке келтирип, дене тарбиялык көнүгүүлөрдү үзгүлтүксүз жасап, спорт менен машыгууну, медитация жасоону адатка айланткан. Мындан кийин ал тездик менен арыктап баштаган.

Тышкы өзгөрүүлөр Моурага Инстаграмда модель катары өзүн таанытууга мүмкүнчүлүк берген. Учурда анын дээрлик 200 миң катталуучусу бар. Кошумчалай кетсек, Моура чирлидингде ойнойт. Монализа Моура азыр дагы 69 килограмм салмагы менен идеалдуу дене мүчөгө жете электигин жана мындан ары да арыктоо аракеттерин токтотпой, тамак-аштын айлануусун жакшыртуучу каражаттарды колдонуп жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mubarak
2021-08-10 15:15:20
Арыктагандан кийин дене озун таштап саландап калса кк е же ал жагы пластик операция мн чырайлуу бп калганбы
0
Apyn8793
2021-08-10 15:52:13
Mubarak, дайыма конугуулорду жасап, спорт менен машыгып турса тери озунон озу эле тартылат
+2
Rifle_I
2021-08-10 18:55:18
Эркине таң калыш керек мындай адамдардын. Негизи аял киши эрктүү келет эркекке караганда.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан