Ош-Исфана жолунда эки унаа карама-каршы тилкеде сүзүшүп, 2 айдоочу тең каза болду

Ош-Исфана унаа жолунда эки унаа карама-каршы тилкеде сүзүшүп, 2 айдоочу тең каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Кечээ, 9-август күнү болжол менен саат 02:00 чамасында Ош-Исфана жолунун 15-чакырымында, Баткен облусунун Кадамжай районунун 1990-жылы туулган Т.А. аттуу тургуну өзүнүн башкаруусундагы Mercedes-Benz Sprinter унаасы менен Ош шаарын көздөй бара жатып, карама-каршы келе жаткан Opel Zafira унаасы менен сүзүшкөн. Ал унааны 1994-жылы туулган Ноокат районунун тургуну башкарып келе жаткан.

Натыйжада Mercedes-Benz Sprinter машинасынын айдоочусу окуя болгон жерден каза болгон.

Ал эми Opel Zafira унаанын айдоочусу Ош шаарынын ооруканасында каза болгон. Жогорудагы факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан