Кыргыз өлкөсү калкынын бактылуулук деңгээли боюнча дүйнөлүк рейтингде 67-орунга жайгашты. Дүйнөдөгү адамдардын бактылуулук деңгээлин анализдеген "World Happiness Report" эл аралык изилдөө долбоорунун быйылкы рейтингине ылайык Финляндия, Дания, Швейцария, Исландия жана Нидерланды өлкөлөрүнүн элдери эң бактылуу деп табылып, тизменин алдыңкы бештигинен орун алган.
Ал эми Орто Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан 42, Казакстан 45, Тажикстан 78 жана Түркмөнстан 97-катардан орун алган. Бизге белгилүү башка өлкөлөрдөн Орусия 76, Түркия 104, ал эми коңшу Кытай өлкөсү 84-орунга илинген.
Ошондой эле рейтингдин эң акыркы сабында көп жылдан бери куралдуу кагылыштардан улам жабыркап келе жаткан Ооганстан мамлекети жайгашкан. Аны менен катар Лесото, Ботсвана, Руанда жана Зимбабве сыяктуу Африканын жакыр өлкөлөрү эң акыркы бештикти толукташкан.
Кыргыз өлкөсү аталган рейтингде былтыр 74-орунга жайгашкан. Ал эми 2019-жылы 86-катардан орун алган.
Белгилей кетсек, аталган рейтинг Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу астында Колумбия университетинин "Жер институту" изилдөө борбору тарабынан ишке ашырылып келет. Рейтинг алгач ирет 2012-жылы жарыяланган. Ошондон бери ар жылы дүйнө элдеринин бактылуу жашоону камсыз кылуудагы жетишкендиктерин көрсөтүп келет.
Рейтингди түзүүдө ар бир өлкөнүн киши башына туура келген ички дүң продукциясынын көлөмү (ИДП), орточо жашоо узактыгы, жарандык эркиндиктин болушу, жарандардын коопсуздугу жана келечекке болгон ишеними, үй-бүлөнүн туруктуулугу, жумушка болгон кепилдик, коррупциянын өлчөмү жана берешендик, мээримдүүлүк сыяктуу бир канча критерийлер каралат. Мындан тышкары ар бир өлкөнүн эли өздөрүн канчалык бактылуу сезери тууралуу жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы да эске алынат. Бул сурамжылоону эл аралык "Геллап" изилдөө борбору жүргүзүп келет. Анда ар башка өлкөнүн элдери бактылуулуктун өлчөмүн атайын шкалада көрсөтүлгөн сандар аркылуу белгилешет.
Долбоордун авторлору өлкө башчыларына, саясатчыларга, коомдук ишмерлерге жыргалчылыкты жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууда өздөрүнүн жарандарынын муктаждыктарына көбүрөөк көңүл буруусуна түрткү болорун айтышат.