Данияр Жаныкулов президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы дайындалган өкүлдүн орун басары бүгүн жамаатка тааныштырылды.
1998-2001-жылдары - Талас облустук жаштар комитетинин төрагасы;
2001-2007-жылдары - КТРКнын “Ала-Тоо” программасында кабарчы, жоопту редактор;
2007-2009-жылдары - ЭлТР МТРКсында башкы продюсер;
2009-2011-жылдары Маданият жана маалымат министрлигинде басма сөз катчы, министрдин жардамчысы;
2011-2014-жылдары “Ата Журт” саясий партиясынын төрага орун басары;
2014-2015-жылдары “Ата Журт” партиясынын саясий кеңешинин төрага орун басары;
2015-2021-жылдары ОсОО “Альянс-Алтын” компаниясынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы.