Бүгүн, 10-августта Бишкек шаарындагы Абдрахманов менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан "Мото" соода борборунда өрт чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат ӨКМга саат 15:00 чамасында келип түшкөн. Жерине кызматкерлер барып, өрт толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок.