Баткенде акыркы 7 айда өспүрүмдөргө карата жасалган 38 кылмыш жана 63 жорук катталган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындан ары кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу максатында жаңы окуу жылына карата өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоодо профилактикалык иштерди күчөтүүнү, өспүрүмдөргө карата жана өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштардын алдын алуу багытында рейддик иш-чараларды уюштуруу баса белгиленип, тийиштүү тапшырмалар коюлду.