Литвада коронавируска каршы эмделбеген жарандарга карата чектөөлөргө каршы митинг өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өкмөт 13-сентябрдан тарта эмдөөдөн өтпөгөндөргө транспортто жүрүүгө, коомдук жайларга, медициналык мекемелерге жана соода борборлоруна барууга тыюу салууну көздөп жатат. Алар бул чектөөлөрдү тез арада жокко чыгарууну жана өкмөттүн отставкага кетүүсүн талап кылышууда.
Белгилей кетсек, жогорудагы чектөөлөр эртең, 11-августта өкмөттүн жыйынында жактырылышы күтүлүүдө.