Дүйнөдөгү бай адамдардын бири, Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс беделдүү америкалык Forbes басылмасынын рейтингинде 5-орунга түшүп калды. Бул тууралуу аталган басылманын расмий сайтына жарыяланган.
Андагы маалыматка караганда, 5-катарга түшүп калышына анын жубайы Мелинда Гейтс менен болгон ажырашуусу себеп болгон. Учурда анын байлыгы 129 миллиард 600 миллион доллар деп бааланууда. Жубайы менен болгон ажырашуусунан улам 4-катарга Фейсбук компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг жайгашты. Марк Цукербергдин байлыгы 130 миллиард долларды түзөт.
Буга чейин Билл Гейтс жубайы Мелинда Гейтс менен расмий түрдө ажырашкандыгы тууралуу кабарланган. Белгилүү болгондой экс-жубайлар 27 жыл чогуу түтүн булатып, 3 баланы тарбиялап келишкен.