Бүткүл дүйнөлүк арстандардын күнү жыл сайын 10-августта белгиленет. Бул күнү дүйнө жүзү боюнча ар кандай илимий жана концерттик иш-чаралар өткөрүлүп, кээ бир адамдар социалдык тармактардагы башкы сүрөтүн арстан менен түшкөн сүрөткө алмаштырышат. Башкалары арстандарды сактоо жана коргоо боюнча иш алып барган кайрымдуулук уюмдардын бирине демөөрчүлүк кылышары маалым.
Интернет маалымат булактарында жазылгандай, бүгүнкү күндө арстандардын көбү Африка континентинин чыгышында жана түштүгүндө жашашат. Тилекке каршы, алардын саны жылдан-жылга азаюуда. Адистердин айтымында, арстандардын популяциясы акыркы жыйырма жылдын ичинде кыйла азайган.
* Орто эсеп менен алганда жапайы жаратылышта арстандын балдарынын ичинен бешөөнөн бирөө гана 2 жашка чейин жетип андан ары чоңоюп кетиши мүмкүн. Көп учурда балдары 2 жашка чейин өлүп калышат.
* Ургаачы арстандар бөтөн бала деп бөлбөй, бардык бала арстандарды эмизе берет. Үйүр-топ болуп жашашып, башка топтогу бала арстандарды кошо эмизип чоңойтуп коё алышат.
* Арстандар эң жалкоо жаныбар келишет. Көбүнчө көлөкөдө жата беришет, суткасына 20 саатка чейин укташат.
* Алардын буттарынын басымдуу бөлүгү булчуңдардан тургандыктан, саатына 60 чакырым ылдамдыкта чуркай алышат. Бирок мындай ылдамдыкта алар өтө алыс аралыкка чуркай алышпайт.
* Ургаачы арстан өзү туулган үйүрдө өмүр бою жүрө алат, ал эми эркектерин 3-4 жашка толгондо "үй-бүлө" өзүнчө бөлүп салат.
* Дагы бир кызыктуу факт өздөрүнүн олжосун табуу үчүн аң уулоого негизинен ургаачылары чыгышат, эркек арстандар чыкса деле тапкан олжосун өздөрү жеп алышат. Арстандар бир жутканда 13 килограмм салмакка чейинки олжону сугуна алат.
* 26 өлкөдө таптакыр жоголуп, 90 пайызы өз аймактарын таштап кетишкен. Алардын азайышынын негизги себептери климаттын өзгөрүшү, оорулар жана адамдардын айбанаттарга болгон кыянатчылыгы болуп эсептелет.
* Жырткычтардын падышасы болгон арстандардын бою 2,5 метрге чейин өсөт, жаныбардын куйругунун узундугу бир метрге жетет.
* Арстандардын күрүлдөшү 8 чакырым аралыкка чейин созулат. Мындан тышкары күрүлдөө арстанга топтун башка мүчөлөрүн табууга, ошондой эле анын аймагын жарыялоого жардам берет.
* Арстандар 20 жашка чейин жашашат. Мисалы, Гонолулу зоопаркындагы Аполлон деген арстан 22 жашында өлгөн.
10-августка карата жылнаама.