Индиянын Тамилнад штатынын Валлипурам айылында дарыгерлер 15 жаштагы кыздын ашказанынан 1 килограмм 300 грамм болгон чач алып чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.
Маалыматка ылайык, 15 жаштагы кыздын салмагы болгону 35 килограмм болгон жана тамакка табити тартпай калганда ооруканага кайрылган. Дарыгерлер аны толук текшерүүдөн өткөргөндөн кийин ашказанына операция жасашкан. Анда кыздын ашказанынан дээрлик 1 килограмм 300 граммды түзгөн чачты алып чыгышкан.
Ашказанына топтолуп калган чачтан улам кыз тамак иче албай жана тамактан пайдалуу заттарды ала албай калган. Ата-энеси кызынын 2 жылдан бери чачын жеп жүргөнүн билишкен эмес. Операциядан кийин кыз ооруканадан чыгарылып, ден соолугу калыбына келе баштаганы маалымдалган.