Жайылда ичимдик ичип отурган жарандар уруша кетип бирөө бычакталды

Чүйдүн Жайыл районунда ээнбаштыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 31-июль күнү Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, аймактык ооруканага бычактан алган жаракатынан улам бир жаран келип түшкөнү маалымдалган.

Алынган маалыматтын негизинде дароо Жайыл РИИБинин ыкчам тобу көрсөтүлгөн дарекке барышкан. Анда жаракат алган жаран 1977-жылы туулган Э.К. аттуу жаран экендиги такталган. Териштирүү учурунда 31-июль күнү жабырлануучу бейтааныш эркек кишилер менен ичимдик ичип отуруп, алардын бири менен уруша кетип, жыйынтыгында бычактан жаракат алган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй ОИИББинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1979-жылы туулган Р.Н. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан