8-ноябрда Ала-Букада Маданият күнү салтанаттуу белгиленет

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Маданият үйүндө 8-ноябрда Маданият күнүнө карата кече өтөт. Бул тууралуу аталган райондун Маданият үйүнүн усулчусу Нургүл Аманбаева билдирди. Ал билдиргендей, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” деген төш белгиси менен обончу Абдилаким Артыкбаев, ошондой эле Ардак грамоталары менен Маданият үйүндө көп жылдан бери эмгектенгендер сыйланат. Салтанаттуу кечеге райондун администрациясынын башчысы Алымкул Кулуев, мекеме жетекчилери, айыл аймактын башчылары катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан