UFC уюмунун жеңил салмактагы мушкери, мекендешибиз Рафаель Физиев алдыңкы он беш мушкердин катарына кошулду. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары кабарлады.
Кыргыз мушкери бир канча күн мурун эле UFC - 265 турниринин алкагында америкалык Бобби Гринди жеңип, катары менен төртүнчү жеңишин камсыз кылган. Ал беттештен соң Физиевдин UFC'деги көрсөткүчү жогорулап, 10 жеңиш, 1 жеңилүү менен алдыңкы 15 мушкердин катарында 14-орунду ээледи.
Уюмдун жеңил салмак категориясындагы алдыңкы он бештикке кирген мушкерлер төмөндөгүлөр:
1. Дастин Порье (АКШ).
2. Жастин Гетжи (АКШ)
3. Бенеил Дариуш (Иран-Америка).
4. Майкл Ченлдер (АКШ).
5. Ислам Махачев (Орусия).
6. Тони Фергюсон (АКШ).
7. Рафаэл дус Анжус (Бразилия).
8. Ден Хукер (Жаңы Зеландия).
9. Конор Макрегор (Ирландия).
10. Грегор Гиллеспи (АКШ).
11. Кевин Ли (АКШ).
12. Диего Феррейра (Бразилия).
13. Бред Ридделл (Жаңы Зеландия).
14. Рафаель Физиев (Кыргыз өлкөсү).
15. Арман Царукян (Орусия).
Белгилей кетсек, мекендешибиз акыркы жолу 8-августта UFC - 265 турниринин алкагында америкалык Бобби Грин менен беттешип, калыстардын чечими менен жеңүүчү аталган. Андан соң аталган эки мушкердин беттеши эң мыкты деп табылып, "кеченин беттеши" аталган. Муну менен катар эки мушкерге кошумча 50 миң доллар сыйлык ыйгарылган.