Чүйдүн Степное айылында мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-августка караган түнү саат 00:45 чамасында Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Степное айылындагы үйлөрдүн биринде киши колдуу каза болгон жарандын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барганда 1972-жылы туулган Л.В. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында бул ишке шектүү катары мурда соттолгон 1977-жылы туулган Д.А. аттуу жаран кармалган. Ал маркум менен аталган үйдө акыркы 10 жылдан бери жашап келген.
Алдын ала тергөөнүн жыйынтыгы боюнча маркум менен шектүүнүн ортосунда чыр чыккан. Анда шектүү жаранды өтө мыкаачылык менен өлтүрүп, үйгө өрт коюп, өзү башка бөлмөдө уктап калган. Үйдүн өрттөнүп жатканын кошуналар көрүп, маркум менен шектүүнү алып чыгышкан. Бирок шектүү белгисиз тарапка из жашырган. Көп өтпөй ал кармалып, Жайыл РИИБинин тергөө абак жайына киргизилген. Учурда бардык экспертизалар дайындалып тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө.