Мирбек Иманбеков сөзү Биримкул Алыбаевге, обону Апаз Жайнаковго таандык "Жаз" деген ырды ырдап чыкты. "Бул ырды мектепте окуп жүргөн кезде досторумдун арасында, конокто аккордеон менен ырдап жүргөм. Анан быйыл бул ырды жаздырууну туура көрүп, даярдап жаткам. Ал убакта ырдын автору Апаз Жайнаковдун көзү тирүү болчу. Тилекке каршы, жаздырып бүтүп, автордун өзүнө угузууга жетишпей калдым. Арбагы ыраазы болсун",- дейт ырчы Мирбек Иманбеков