Пакистанда 8 жашар бала Кудайга ишенбөөчүлүк көрсөттү деп айыпталып, аны өлүм жазасына тартуу сунушталууда. Чет элдик маалымат булактарында жазылгандай, индуизм дининдеги үй-бүлөнүн баласы диний мектептин китепканасында килемге заара ушатып койгон. Ошол күндөн тартып 1 жума бою ал камакта кармалган, баланын ата-энеси да камакка алынгандыгы жазылат маалымат булактарда.
Кийин сот аны эч жакка чыкпоо тил каты менен коё берген. Бирок мындан кийин топ адамдар индуизм дининдегилердин сыйынуучу жерлерине бастырып кирип барышып, башаламандыктарды жаратышууда. Бийлик мындай диний башаламандыктарды токтотуу максатында анын башында жүргөн 20 адамды кармап камакка алды.
Провинцияда баш аламандык уланып жаткандыктан бала жана анын үй-бүлөсү учурда өкмөттүн коргоосунда. Туугандарынын айтымына караганда, бала Кудайга шек келтирүү деген эмне экенин билбейт жана эмне үчүн бир жума түрмөдө кармалганын, эмне айып тагылганын дагы эле түшүнбөй жатат.
Пакистанда 1986-жылы Кудайга ишенбөөчүлүк көрсөтүп, каршы аракеттерди жасаганы үчүн өлүм жазасы киргизилген, бирок андан бери бир да адам өлүм жазасына тартылган эмес. Бала Кудайга шек келтирген деп айыпталган эң жаш пакистандык болуп табылган.