Кытайдын түштүк-батышында пилдердин көчүнө байланыштуу 150 миңден ашуун адам эвакуацияланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды. Маалыматка ылайык, пилдердин ошол эле учурда жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бир топ иш-аракеттер көрүлүүдө.
Бул кырдаалды 25 миңден ашуун полиция кызматкерлери көзөмөлгө алган жана абалды көрүп туруу үчүн 970 даана дрон колдонулган. Пилдерге 180 миң тоннадан ашуун тамак-аш сарпталган. Жаз айынан баштап пилдердин үйүрү Кытайдын түштүгүндөгү Юньнань провинциясындагы токойлордун биринде отурукташкан жерлерин таштап кетишкен.
Белгилей кетсек, Кытай өлкөсү аталган аймактын пилдерин коргоо боюнча бир катар чараларды киргизген. Пилдердин көчү Юеньцзян дарыясынан өткөндүгү маалым болду.