Нигерияда ууланган суудан улам бир үй-бүлөнүн 24 мүчөсү каза тапты

Нигериянын Сокото штатында ууланган суудан улам бир үй-бүлөнүн 24 мүчөсү каза тапты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя Сокото штатындагы Данзанке кыштагында болуп өткөн. Аталган аймактын Саламаттыкты сактоо комиссары Али Иннаменин айтымында, 24 адамдын өлүмүнө кечки тамак үчүн колдонулган химиялык каражат кошулган суу себеп болгон.

"Тилекке каршы, ал тамакты жеген бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү толугу менен каза болду. Арасында тамактан жаңы гана ооз тийген эки гана аял аман калды. Уулангандарга медициналык жардам көрсөтүп, аман алып калуу аракеттери ийгиликсиз болуп калды", - деп билдирген комиссар Али Иннаме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан