
Кыргыз өлкөсү Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат. Тийиштүү келишимге өлкөнүн энергетика жана өнөр жай министри
Доскул Бекмурзаев жана Түркмөнстандын энергетика министри (учурда вице-премьер-министр)
Чарымырат Пурчеков кол койду.
Энергетика жана өнөр жай министрлигинен маалымдашкандай, президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга жасаган расмий сапарында эки өлкөнүн мамлекет башчылары Кыргыз жергесине электр энергиясын жана жаратылыш газын жеткирүү боюнча алдын ала макулдашышкан.
"Кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын август айынан декабрь айына чейин Түркмөнстан Кыргыз Республикасына 501,9 миллион кВт саат электр энергиясын берет. Ушул жылдын 9-августуна карата Түркмөнстандан кол коюлган контракт боюнча 19 миллион 200 миң кВтч электр энергиясы экспорттолду. Муну менен катар Түркмөнстандан Кыргыз өлкөсүнө жаратылыш газын экспорттоо боюнча сүйлөшүү жүрүүдө", - дешти министрликтен.