Буга чейин Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда белгисиз жаран дааратканага жаңы төрөлгөн ымыркайын таштап кеткени тууралуу кабарланган. Анын апасы табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин натыйжасында дааратканага ташталган ымыркайдын энеси Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну экени аныкталды.
"Ал 7-август күнү Токтогул шаарына барып, 10-август күнү окуя болгон жердеги үйдүн ээси А.Саткынбаевдин кызынын курбусу болгондуктан бир күн жатып кетейин деп барган. 11-август күнү төрөп дааратканага таштап койгондугу аныкталган", - деп билдиришти облустук милициядан.