Нурилло Мухаммеджанов такси кызматында иштейт, 3 жаштагы кызын калтырганга эч ким жок болгондуктан аны жанына кошо алып жүрөт. Ал жубайынан 1 ай мурун айрылган, анда жубайы үчүнчү баласын кесарево жолу менен жарык дүйнөгө алып келген соң, ооруканада көз жумган. Анын өлүмүнө дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болгон деген каарманыбыз бүгүн, 11-августта акыйкат издеп Ак Үйгө келген.
Мухаммеджанов такси кызматында иштөө үчүн ижарага унаа алган, анын акысы күнүнө 700 сомду түзөт. Ал Ош шаарынан үй-бүлөсү менен 2014-жылы Бишкекке көчүп келген. Жубайынын көзү өткөндөн кийин кызын караганга эч ким жок, аны бала бакчага бере албай айласы алты кеткен. Буга сансыз документтерди топтоо жана электрондук кезек себеп болгонун айтат.
Ал эми SUPER.KG порталы окуянын чоо-жайын тактоо максатында Бишкек шаардык мэрияга кайрылганда, аталган жарандын кызы бала бакчага барып баштарын билдиришти.
"Аталган жарандын кызы 18-болуп кезекке турду, жакынкы күндөрү бала бакчага барып баштайт", - деп билдиришти мекемеден.