Жол кырсыгына кабылган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров ооруканадан чыгып, ден соолугун калыбына келтирүүдө. Баштапкы абалга келүү үчүн көп кыймыл керек экен деген ырчы менен байланыштык.
"Жолдошум экөөбүз Ош шаардык ооруканасында дарыланып, дүйшөмбү күнү чыктык. Кудайга шүгүр, абалыбыз жакшы. Дарыгерлер көбүрөөк кыймыл керек дешти, көп кыймыл жасаганга аракет кылып жатабыз", - деди ырчы.
Учурда ырчы той-топуларга барып, мурдагы иштерин улантууда.
Окуянын чоо-жайы:
26-июлда ырчы Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров жол кырсыгына кабылганы белгилүү болгон. Эртеси бул жол кырсыгына кабылгандардын арасында Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жана дагы 2 жүргүнчү болгону, алар Оштон Бишкек шаарына келе жатканы маалым болду.
Ал эми Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бейтаптардын абалы тууралуу маалымат беришип, анда 3 жабырлануучу ооруканада жатканын, абалдары туруктуу дешкен.
Кийинчерээк Самара Каримова автокырсык боюнча социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырган.