Олимпиадага тандоо турдан өтпөй калган. Жаңы Зеландияда спортчу кыз жан дүйнөсүнүн кыйналганын билдирип, эртеси каза болду

Жаңы зеландиялык велосипедист, спортчу Оливия Подмор инстаграмга эмоционалдуу, ички дүйнөсү кыйналып жатканын билдирген пост жарыялап, эртеси анын каза болгону белгилүү болгон. Мындай кабарды чет элдик интернет булактары жазышууда.

Анда жазылган маалыматтарга караганда, Оливия Подмор 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарында Жаңы Зеландиянын намысын коргогон. Өткөн жылы дүйнөлүк чемпиондукка катышып, карьерасында чоң секирик жасаган. Буга карабастан ал Токиодогу Олимпиадага тандоо түрүнөн өтпөй калган. Мындан улам спортчу өзүнүн психикалык абалындагы көйгөйлөрүн катталуучулары менен бир эмес, бир нече жолу бөлүшкөн. Өзгөчө анын акыркы жарыялаган посту катталуучуларын санаага салган.

"Спорт - бул көптөгөн адамдар үчүн эң ырахаттуу тандоо. Жеңиш учурундагы сезим, укмуштуу, ага бир да башка сезим окшошпойт. Утулуу, бул да башкача сезим. Тандоодо өтпөй калуучу, жаракат алган учурларың, коомчулук сенден күткөн жыйынтыкты бере албай калып жан дүйнөнүн жанчылуусучу. Ошол эле учурда үйүң жок, турмуш курган эмессиң, балдарың да жок... Мунун баары өзүңдү спортко арнаганың үчүн", - деп жазган анда спортчу.

Бирок андан бир күн өтүп Подмордун жансыз денеси өзү жашаган үйдөн табылган. Анын өлүмүнүн себеби азырынча тактала элек, адистер бул нерсени аныктоо үчүн анын психологиялык абалын изилдеп көрүүнү туура көрүп жатышат. Анын баракчасынан акыркы посту өчүрүлгөндүгү да кошумчаланат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
raikakyz
2021-08-11 16:39:56
Каап, жанын кыйбайле койбоптур да жашай бермек, спортсуз деле.
+6
Leonardo_
2021-08-11 17:42:50
Ааа молодец кафурлар өлө берсин
-6
Tursunbaev1978
2021-08-11 20:36:34
Leonardo_,бирөөгө өлүм тилегенче,өзүңө өмүр тиле
+3
Antiradikal3
2021-08-11 22:20:03
Leonardo_, тупой!!! Карангы радикал!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан