Алжирдеги тилсиз жоо 42 адамдын өмүрүн алды. Алардын 25и аскер кызматкери

Алжирдин борборунун чыгыш тарабында жайгашкан тоо боорундагы токойдон жана кыштактардан чыккан өрттөн кеминде 25 аскер кызматкери каза болду. Алар тилсиз жоодон карапайым тургундарды куткаруу иштерин аткарып жүрүшкөн. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенти Абдельмаджид Теббон билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышты.

Президент Твиттердеги баракчасында каза тапкан жоокерлерди "шейиттер" деп атаган.

Ал эми өлкөнүн Коргоо министрлигинин берген маалыматына караганда, жоокерлер Түндүк Африканын бербер уруулары байырлаган Кабил аймагындагы эки райондон 100гө жакын тургунду куткарып калууга жетишкен.

Ал эми өлкөнүн премьер-министри Аймене Бенабдеррахман акыркы күнү өрттүн кесепетинен дагы 17 карапайым тургун каза болуп, жалпы каза тапкандардын саны 42 адамга жеткенин кабарлады.

Белгилей кетсек, өрт кырсыгы катталган Кабилия аймагы Алжирдин борборунан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аталган аймак тоолуу жана абанын температурасы кыйла жогору болгондуктан жетүүгө кыйын жерлердин бири болуп саналат. Аймакта суунун тартыштыгы өрттүн алдын алып калууга тоскоол болгон жагдайлардын бири болгон.

Айрым маалымат булактары учурда аймактын жашоочуларынын көпчүлүгү үй-жайын таштап чыгып кетишкенин жана өрттү өчүрүү үчүн эч бир учак келбей жатканын жазып чыгышты.

Өлкөнүн премьер-министри Аймене Бенабдеррахман жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде өрттүн чыгышы кылмыштуу иштер менен байланышы бар экенин билдирди.

"Коопсуздук кызматы берген алгачкы билдирүүлөр өрт чыккан аймактар бири-бирине өтө шайкеш келип турат. Мунун атайын жасалган кылмыштуу иштер менен байланышы бар", - деп билдирген премьер-министр.

Ал эми ички иштер министри Камел Бельджуд Кабилдеги өрт чыккан аймактарга барып көргөн соң жасаган билдирүүсүндө "Бир убакта 30 аймакта тең бирдей өрттүн чыгышы кокустук болушу мүмкүн эмес" деген.

Эске салсак, өткөн дүйшөмбүдө Алжирдин Кабил районунда жана башка бир канча аймактарда өрт чыккан. Алжир бийлиги аталган аймактардагы өрттү өчүрүү үчүн жана жергиликтүү жашоочуларды эвакуациялоого атайын армия жөнөткөн. Бирок алдын алуу чараларына карабай өрт кырсыгы чоң аймакты каптап, бир нече гектарды ээлеген зайтун дарактарын, бодо малдарды жана үй канаттууларын жалмап кеткен.

Ошондой эле бүгүнкү күнгө карата аталган аймактарда жалпы 41 өрт катталганы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан