Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы китепканада жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесине арналган адабий кече өткөрүлөт. Райондук борборлоштурулган китепкана тармагынын башчысы Чынара Назарматова билдиргендей, адабий кече болжол менен ноябрь айынын орто ченинде өтөт. “Кечени мыкты деңгээлде өткөрүү үчүн азыркы учурда даярданып жатабыз, бирок кайсы күнү боло тургандыгы так белгилене элек”, - дейт Ч.Назарматова.