Владимир Жириновский орус улутундагы адамды кемсинткен азербайжандык дипломатка кылмыш ишин козгоону талап кылды

Орусиялык саясатчы Владимир Жириновский азербайжандык дипломатты бардык орус улутундагы адамдарды мазактады деп Азербайжандын президенти Илхам Алиевден ага кылмыш ишин ачууну талап кылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда Азербайжандын Беларусь, Молдова жана Пакистандагы мурдагы элчиси Исфандияр Вагабзадемин аттуу адамдын Жириновскийди жана орус улутундагы адамдарды кемсинтип, "чочколор" деген сөздөрдү айткан видеосу тараган.

"Биз дипломатка кылмыш ишин козгоо талабы менен Азербайжандын башчысына кат жөнөтөбүз. Анткени анын айткандарынын баары мазактоо. Бул орто кылымдагы жапайычылык. Мындайды карапайым адамдар дагы айтпайт, ал болсо профессор экен", - деген Жириновский.

2-августта Бишкектеги балдар паркында сатуучу кызды орусча жооп бергендиги үчүн Кыргыз жараны калькулятор менен башка чаап жиберген видео тараган. Буга Жириновский нааразычылыгын билдирип, Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин алдына митингге чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Ela93
2021-08-11 17:09:46
Жинди!!
+4
men
2021-08-11 17:19:27
Туптуура айткан. Чочкону чочко дейт да.
+9
SHaidulda
2021-08-11 17:35:29
Болницага жаткызыш керек бул психти кайсы професор айтса дагы молодец дейт элем
+6
gulya583
2021-08-11 18:01:27
Молодец дипломат экен, эс коркпой эркин суйлогон. Туура айтыптыр
+5
Antiradikal3
2021-08-11 22:16:49
Азерилер кыргыз эмес. Оз атуулдарын обидага бербейт. Алиев Жириновскийди угуп орто манжасын корсотсо керек..... Алиев биздин кошоматчы Жапаров эмес.....
+3
nazira...
2021-08-12 01:36:25
Рас айтыптыр, ушу жинди кишиге тең келе турган адамдар да чыгат экен ээ.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан