Кытай бийлиги ырларды ылгамай болду. Кандай мазмундагы ырларга тыюу салынат?

Кытай бийлиги эми көңүл ачуучу жайларда ырдала турган ырларды мазмунуна карата ылгай баштайт. Чет элдик басылмалардын Кытай өкмөтүнүн Маданият жана туризм министрлигине таянуу менен жазганына караганда, мындай тартип ушул жылдын 1-октябрынан тартып иштеп баштайт.

"Тыюу салууга улуттук биримдикти бузууга багытталган, Кытайдын суверенитеттүүлүгүнө шек жараткан, аймактык бүтүндүккө доо кетирген ырлар туш болот. Мындан тышкары динди пропагандалаган, ишенимдерди, кумар оюндарын, баңгизатын өз мазмунуна камтыган ырлар да катуу көзөмөлдө болот", - деп жазылат маалыматта.

Ошол эле учурда Кытай өкмөтү өлкөнүн өнүгүүсү үчүн дем кошо турган ырларга сыйлыктар берилерин кошумчалаган. Караоке-клубдарда 100 миңдеген ырлардын тизмеги бар, андагы операторлорго аны ылгоо кыйынчылык жаратат, бирок бул ишке ашырылышы керек деп эсептейт министрлик.

Бул Кытайда караоке ырларына тыюу салган биринчи учур эмес. 2018-жылы автордук укуктун бузулушунан улам 6 миңге жакын ыр тизмеден алынган.

"Ошол эле учурда полиция бул аракеттер саясат менен такыр байланышы жок деп түшүндүрүшүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан