Белгилүү "Даңазалуу доор" аттуу түрк сериалындагы Афифе Хатундун ролун жараткан актриса Сабина Тозия каза болду. Бул тууралуу актрисанын тасма талаасындагы кесиптеши, аталган сериалда Хюрремдин образын жараткан актриса Мерьем Узерли социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, Сабина Тозия узакка созулган оорудан улам кечээ, 10-августта 75 жаш курагында каза болгон. Актриса көп жылдар бою онкологиялык дарт менен жабыркап келгендиги жана ага дарыгерлер баш мээдеги залалдуу шишик дарты деген диагноз коюшканы айтылат маалыматта.
Сабина Тозиянын кесиптештери социалдык тармактагы баракчалары аркылуу актрисанын үй-бүлөсүнө көңүл айтуу билдирүүлөрүн калтырышууда. Ал эми актриса Мерьем Узерли өз баракчасына: "Биз "Даңазалуу доор", "Эненин жарасы", "Мафия дүйнөнү башкара албайт" деген 3 чоң проектте чогуу иштедик. Кечээ сиз бизди таштап кеттиңиз... Жүрөгүм жараланды. Мен сизди аябай жакшы көрөм. Кымбаттуу Сабина, жаныңыз жаннаттан болсун", - жазып калтырган.
Актриса Сабина Тозия акыркы убакта "Мафия дүйнөнү башкара албайт" аттуу сериалга тартылып жаткан. Бирок бир канча ай мурун ден соолугунун начарлашынан улам проектти таштап кетүүгө аргасыз болгон. Актрисага мээсиндеги шишикти алуу боюнча операция жасалгандыгы айтылган.