Биз социалдык тармакта

Баткендеги Интернационал айылына Тажикстан тараптан ок атылды

Бүгүн, 11-августта Баткен облусундагы Интернационал айылына Тажикстан тараптан ок атылды. Бул тууралуу УКМК Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.

"Болжол менен саат 15:10до Лейлек районунун Интернационал айылында Тажикстан тараптан ок атылганы угулган. Интернационал айылындагы аймактык оорукананын имаратынын экинчи кабатындагы терезени ок тешип өткөн. Ал жерде 5,45 миллиметр калибриндеги АК-74 автоматынын огу табылган", - деп жазылат билдирүүдө.

Октон жаракат алгандар жана жабыркагандар жок.

Учурда компетенттүү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери окуянын чоо-жайын иликтешүүдө.

Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, тажик тарап Интернационал айылына чектеш жайгашкан өздүк курамдын курал-жарагын текшерүүдөн өткөрөрүн маалымдаган.

Саат 17:00дө Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, анда тажик тарап өткөргөн текшерүүнүн жыйынтыгында Тажикстандын чек арачылары курал колдонушпагандыгын билдиришти. Ошону менен бирге ок кокусунан атылган болушу мүмкүн экендигин Тажикстандын чек ара өкүлү белгилеген. Жолугушуунун катышуучулары ар бир тарап окуянын чоо-жайын өз алдынча иликтөөгө алуу чечимин кабыл алышты.

Учурда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Dastanali
2021-08-11 20:06:15
Сүйлөштүк эле дейсиңер, чекит койгулачы ушул 1-маселеге
+10
Nurtoruk
2021-08-11 20:15:59
булар талибандар болушу мумкун Тажикстанда алардын адамдары бар.
-2
Antiradikal3
2021-08-11 21:16:17
Nurtoruk, Логика ноль! Баракелде. Талибандар биринчи Тажикистан бийлигин алат Тажикистанда коп болсо, Кыргызстанды кое туруп... Талибандар кыргыз тарапка 1 ок чыгарып эмне максатка жетмек? Логика олуп калган......
+5
Ela93
2021-08-11 22:35:55
Antiradikal3,сен да ошол Мадумаров сабаттуулардансын, Жан дуйнон ирип,чирип калган. Короалбастар! Антирадикал деп, сен кайра элди болуп,жарып жатасын! Ошол учун сага, Мадумаровго бийлик келбейт, тийбейт дагы!!!
+2
Nurtoruk
2021-08-12 19:46:11
Antiradikal3,Сен ойлонсон Талибандар эки элди согуштуруп Тажикстанга киришет
0
Nurtoruk
2021-08-12 19:50:53
Antiradikal3, азыр Афганистанда согуш жургонго байланыштуу Тажикстан чек арасын катуу козомолдоп жатат ошол учун булар эки элди алаксытып оздору Тажикстанга кириш керек эми тушундунбу
0
Samatisaev
2021-08-11 20:22:41
Ушулардыкы отуп кетти
+5
bratanyn
2021-08-11 21:01:05
Энеңдурайындардын кокустан атылган огу да биздин үйгө тийиш керекби,же булар уктаса да куралынын учун биз жака каратып уктайбы,чаңчүңдөр.
+6
Antiradikal3
2021-08-11 21:18:20
bratanyn, биздикилер да танк менен бир атып, кокустан атылып кетти деп кое албайт да, биздин бийлик чабал... Рахмондон буйрук тушкон, атайы чагымчылдык кылып кыргыздардын тынчын алып тургула деп. А биздикилер тажиктерге эмес, оз элине гана алы жетет. Оз элин гана коркутат.
+2
Jaraisyn
2021-08-11 23:32:32
Antiradikal3,Туура эмес сүйлөп атасың тууган. Бийлик чабал эмес, сен тентирей бересиң да көчөдө бир жаш бала менен урушкандай нерсе эмес да бул. Өз элине алы жетип эмне кылып атат, ар 3 жылда бийлигиңди алмаштырып атпайсыңбы, ушунун кесепети да өз өлкөңдө туруктуулук, ынтымак жок, кошуналар аяп коебу сени. Чындап согуш чыкса, сен кайсыл аймактан болосуң билбейм жабырын Баткендиктер көрөт. Атып салыш, орок менен чаап өлтүрүп салыш эр жүрөк баткендиктердин да колунан келет. Ар бир иштин чечимибар
+1
Antiradikal3
2021-08-11 21:22:26
Чек ара кызматын УКМК озуно откоруп алган. Ташиев. Элге соомойун кезеп, менден бирди коросун, поовокатор дегенди кыйын билет. Кемпир-Абад Озбекистанга берилбесин деп чырылдаган Жениш Молдокматовду куру жалаа менен камап тынды. Ал эми номер 1 коррупционер Раимди бошотуп, Кыргызстанды сазга батырган Акаевди урмат-сый менен узатты бийлик.

Элге соомойунду кезегиче, тажиктерди ордуна койбойсунбу Ташиев, эр журок экенин анык болсо. Кайдан. Оз элине гана алы жетет суу журрктун.
0
mish87
2021-08-11 21:45:07
36 адамды атканга чек арада тынчтыкты сактаган деп медал берди эле аткыла медал алабыз десе керекта 30 жыл ушуну күткөн экенбизда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан