"Жүргүнчүлөр бар салонго кобра салган айдоочу". Египетте кобра кичи автобуста бара жаткан 5 кишинин өмүрүн алды

Египетте кобра кичи автобуста бара жаткан 4 жүргүнчүгө жана айдоочуга кол салып, алар жеринде каза болушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, окуя Александрия шаарында болгон. Анда жүргүнчү ташыган кичи автобустун айдоочусунун таанышы кобраны картон коробкага салып, Кафр-эш-Шейх шаарына алып баруусун өтүнгөн. Айдоочу кобра салынган кутучаны кичи автобустун багажына салып жолун улаган. Ал эми кичи автобустун салонунда жүргүнчү катары бара жаткан 4 кишиден турган бир үй-бүлө мүчөлөрү бар болгон.

Жолдон кобра коробкадан чыгып, салондогу жүргүнчүлөргө жана айдоочуга кол салган. Айдоочу жолдон чыгып, бетон тосмону сүзүп каза болгон. Натыйжада кичи автобустагы 5 киши каза болгон. Кырсык болгон жерден сойлоп бара жаткан кобраны окуяга күбө болгондор кармап, өлтүрүшкөндүгү айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KG-312
2021-08-12 00:47:57
Ахмак, кооптуу жаныбарды да передач кылып алабы!
+5
Sajakat14
2021-08-12 02:48:11
Мээси айланган немелерго! Уулу жыланды автобуска салып. Ала кет дегени дагы, ала кеткени дагы мээси жок немелер экен да.
+3
AJow
2021-08-12 09:45:17
Изи сууй электе кобраны кармап олтурушкон турбайбы)
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан