Испаниянын Барселона шаарында голландиялык турист автоунаанын ачкычын жутуп алып каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.
Маалыматка ылайык, 37 жаштагы голландиялык жаран Барселона шаарында үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн. Белгисиз себептерден улам ал автоунаанын ачкычын жутуп алган соң шаардагы соода борборлорунун бирине келип, күзөтчүлөрдөн жардам сурап кайрылган. Бирок күзөтчүлөр анын сүйлөгөн сөзүнө түшүнбөй коюшкан. Ошондой эле күзөтчүлөрдүн айтымында, турист өзүн агрессивдүү алып жүргөн. Күзөтчүлөр анын соода борборунан чыгып кетүүсүн өтүнүшкөн. Бирок ал адекваттуу эмес жүрүм-турумда болгондугу үчүн аны күч менен алып чыгышкан. Сыртка чыгары менен турист кулап түшкөн. Күзөтчүлөр "Тез жардам" чакыртып, дарыгерлер анын кекиртегине тыгылып калган унаанын ачкычын алып чыгышкан. Ооруканага жеткирилгенден көп өтпөй ал каза болуп калган.
Учурда Барселона шаарынын полиция кызматы окуянын чоо-жайын изилдеп жаткандыгы жана каза болгон туристтин үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлүп жатканы айтылат маалыматта.