Кызы менен такси айдап иштеген жарандын жубайынын каза болгондугу боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүү тапшырылды

Министирлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова баласы менен таксиде иштөөгө мажбур болгон жарандын абалын жеке көзөмөлгө алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Нурилло Мухаммеджанов – эки баланын атасы, анын жубайы бир ай мурун экинчи баласы төрөлгөндөн кийин каза болгон. Анын айтымында, кызын бала бакчага албай жаткандыктан, ал кызы менен таксиде иштөөгө мажбур болууда.

Бүгүнкү күндө жаш бала Свердлов районунун №171 бала бакчасына кирүү үчүн электрондук кезекке киргизилди.

Мындан тышкары, Жылдыз Бакашова Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине кызматтык териштирүү жүргүзүп, жарандын жубайынын каза болгондугунун жагдайы боюнча маалымат берүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Alishdaman
2021-08-12 09:12:51
АК үйдүн алдына барып ойгот моюнча уктап жата берет экен да биздин чиновниктер уктай бербей туруп иштешсе өнүгүүп кетмек биз
+1
Asmat84
2021-08-12 09:33:22
Видеосун коруп алып көзүмө жаш келди эле
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан