Актриса жана модель Эркайым Абдуллаева менен жолдошу Таймурас Ташиев уулу менен кызына арнап той өткөрүштү. Түгөйлөр баласы Альмирдин тушоосун кесип, кызы Алишаны бешикке салышты. Тойдун жүрүшүнөн кыска видеону актриса социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.
Андан иш-чара жашыл бакта орун алганын, бардык ырым-жырымдар аткарылганын көрүүгө болот. Ошондой эле видеонун аягында Ташиевдин небереси атайын килемдин үстүндө тургандардын ичинен акчаны (китеп, акча, камчы жана оюнчук) тандаганын көрүүгө болот.
Актрисанын өзүнө байланышканыбызда той 10-августта өткөнүн белгиледи.
"Ата-энелерибиз Бишкекте болгондуктан тойду ушул жакта өткөрдүк. Жөнөкөй эле болсун деп жакындарыбызды үйгө чакырдык", - деди ал.
Таймурас Ташиев менен Эркайым Абдуллаева 2018-жылы баш кошушкан. Түгөйлөр бир уул, бир кызды тарбиялап келишет.