11-августта Жалал-Абад шаарында мал сарайдан өрт чыккан. Өрттү өчүрүү 12-августка караган түнү толук өчүрүлгөнүн ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районундагы тунуке менен жабылган эки кабаттуу сарайдын 2 миң 320 чарчы метр аянты, 2000 түк чөп жана 6000 түк саман күйдү. Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 12:19да өрт чектөөгө алынып, саат 00:08де толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар болгон жок.
Учурда материалдык чыгым жана өрттүн себеби такталууда", - дешти мекемеден.
Буга чейин жергиликтүү тургундардын бири сарайда болжол менен 400дөй уй багылып жатканын, сарайдын үстүндө жыйылган чөп бар экенин порталыбызга
кабарлаган.