"Жүк ташуучу унаанын бири Тажикстандыкы". Баткенде аткезчилик жол менен өтүп бара жаткан көмүр кармалды

Кечээ, 11-августта Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Майты аймагында баасы 29 миллион сомду түзгөн аткезчилик жол менен өтүп бара жаткан жүк кармалды. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чек арадан 500 метр алыстыкта кызматкерлер эки жүк ташуучу унаага бир нече жарандар көмүр жүктөп жатканын байкашкан. Окуя болгон жерге чек ара кызматкерлери барганда аталган жарандар качып кеткен. Натыйжада, бир Кыргыз жараны эки унаасы менен кармалган.

"Аталган жүк ташуучу унаанын бирине Тажикстандын номери тагылган, анда болжол менен 6-7 тонна көмүр бар. Алдын ала эсептөөлөр боюнча жүктүн жалпы баасы 29 миллион сомдон ашык болгон. Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана жүктөр унаалар менен кошо укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген", - деп билдиришти чек ара кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nurgazy.kanykei.abuw
2021-08-12 09:51:27
Биз Кыргызбайлар качан ушундай нерселерди токтотобуз алар бизге ок атып жатса биз аларга жардам берип жатабыз
+6
Ulan899
2021-08-12 09:55:45
Акылынар кичине болсода ойлонуп жазсанар.Комурдун 1 тоннасы Сулуктудо 5200-5800 сом.Аткезчилер 10000ден откоруп жатышат экен.Бул комур максимально 70000сом болот.Кайдагы 29 миллион?
+4
Birimdik5555
2021-08-12 10:36:01
Ulan899,мен да ойлонуп башым катты эки машина комур 29 миллионбу деп, балким ичинде кара дары барды
+1
Dembele84
2021-08-12 09:57:59
Намысы жок итибайлар тойгоздунар го!
+4
Antiradikal4
2021-08-12 11:20:02
Ушул акмактарды эл озу тарбиялап какыс кукус кылса болбойбу?!

Милицияга откоруп беришсе, булар куругун таштап кутулуп кетишет да, кайра эле тажиктерге комур ж.б. сатып баштайт....
+2
bond02
2021-08-12 11:38:44
Кармалган машиналарды эле орттоп сала берсенер бир нерсе болот ошондо.
+3
Asmat84
2021-08-12 13:47:13
Намысы жок иттер. Башка сөз жок.
Сөз жетпейт экен да силерге.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан