Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Гудермес шаарындагы Орусиянын атайын даярдыктагы университетинде балдары ок атуу боюнча тереңдетилген машыгуудан өткөнүн көрсөттү. Муну Кадыров социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Анда Кадыров балдарынын ийгилигин көрүү ал үчүн дайыма жагымдуу экенин жазган.
"Алардын динди, окууну, спортту жана башка тармактарды үйрөнүүдөгү ар бир жетишкендиктери сүйүктүү атабыз Ахмат-Хаджи Кадыров үчүн сыймыктанууга чоң себеп болмок экенин түшүнөм. ⠀
Аларды жакшы үй-бүлөлүк эркектер, чын ыкластуу мусулмандар, татыктуу патриоттор жана өз үй-бүлөсүнүн жана Ата мекендин коргоочулары катары тарбиялоону башкы максатым деп эсептейм. Булар биздин кымбаттуу атабыз Ахмат-Хаджи Кадыров тарабынан бизге мураска калтырылган үлгүлөр. Жигиттер бул үлгүлөрдү ийгиликтүү ишке ашырып жатканына чын дилимден кубанычтамын", - деп жазган Кадыров.