Буга чейин Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда белгисиз жаран дааратканага жаңы төрөлгөн ымыркайын таштап кеткени тууралуу кабарланган. Андан соң апасы табылган.
Бүгүнкүгө карата эне менен наристенин абалы жакшы. Бул тууралуу Токтогул райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн дарыгерлерине байланышканыбызда билдиришти.
"Учурда эне жана баланын абалы жакшы. Алар кечээ ооруканага жаткырылган. Наристенин салмагы 2 килограмм 500 грамм, бою 50 сантиметр. Бала энесинин колуна тапшырылат. 1-2 күндө ооруканадан чыгарабыз", - дешти ооруканадан.
Ошондой эле жаш эне көз жарарын билбей дааратканага барганда төрөп койгонун кошумчалап өтүштү.