АКШ Ооганстандагы "Талибан" кыймылына каршы абадан бир нече сокку урду

АКШнын аскердик аба күчтөрү акыркы 24-48 сааттын ичинде Ооганстандагы "Талибан" кыймылына каршы бир нече ирет абадан сокку урду жана 31-августка чейин Ооган коопсуздук күчтөрүнө абадан колдоо көрсөтүүнү улантат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

“Талибдерге каршы күрөштө Ооган коопсуздук күчтөрүнүн артыкчылыктары бар. Анын ичинде Америка Кошмо Штаттарынын кошумча колдоо артыкчылыгы. Алар бул артыкчылыкты колдонууга мүмкүнчүлүк алышты. Биз аларды колдоону улантып жатабыз”, - деп Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирби кезектеги маалымат-брифингде билдирген.

Басма сөз катчыга АКШнын Ооганстандан аскердик күчтөрүн алып чыгып кетүү мөөнөтү аяктагандан кийин дагы абадан колдоо көрсөтүлө береби же жокпу деген суроо узаткан. Жон Кирби Ооган күчтөрүн колдоо үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга багытталганын жана мындан ары эмне болоруна так божомол бере албастыгын айткан.

Ошол эле учурда эң мыкты даярдалган Ооган аба күчтөрү талибдердин позициясына америкалык аба күчтөрүнө караганда көбүрөөк сокку урарын кошумчалаган. Эскерте кетсек, апрелде АКШнын президенти Жо Байден Ооганстандагы операцияны токтотуу чечимин жарыялаган. Ушул тапта "Талибан" кыймылы Ооганстандын басымдуу бөлүгүн өз көзөмөлүнө алып турат.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы - Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
KG-312
2021-08-12 13:09:04
Карга карганын көзүн чокуйт беле. Калп эле башка жактарга аткылап койуштуда!
-1
ayzhan12
2021-08-12 13:29:40
Талибтер бийлике келсе Афганистан жарым кылымга артка кетет. Диний идеялогияны жактаган талибтер афган элине элине эч бир өзгөрүү же өнүгүүнү алып келбейт. Эч нерсе өзгөрбөш керек, адамдар эскиче түшүнүк бойдон калыш керек деген диний теорияны жактаган талибтерди жок кылыш керек. Өзгөчө аялдардын билим алуусуна тыйуу салганы, эркин жашоосуна кийлигишкени талибтер үчүн бакытылуулук алып келбейт. Ошондой эле басмырланган аялдар да бактылуу болушпайт жашоосунда.
-1
KG-312
2021-08-12 14:12:14
ayzhan12,Талибандар мусулмандар эмес, мусулмандын теерисин жамынган каапырлар!
+4
bela77
2021-08-12 16:44:39
чындап эле сокку урдубу? же сокку урдук деп курал ыргытып кеттиби согуша бергиле деп))))
0
nurdan2018
2021-08-12 19:02:35
Бул жерде ири державалардын "разделяй и властвуй "деген саясаты журуп келген дагы деле журуп жатат
0
nurdan2018
2021-08-12 19:07:02
Талибдердин расмий бийлиги жок анан алар курал жарак жана башка согушка керектуу нерселерди каяктан алышат оздору жасай алышпайт албетте бул жерде сырткы кучтор берет куралдарды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан