Кара-Сууда тилемчилик кылып жүргөн 9 өспүрүм аныкталды. Алардын күбөлүктөрү да жок болгон

Ош облусунун Кара-Суу районунда "Тилемчи" аталышындагы профилактикалык рейд өткөрүлдү. Анда тилемчилик кылып жүргөн 9 бала кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөрүлүп жаткан бул иш-чаранын негизги максаты - тилемчилик менен күн өткөрүп жаткан өспүрүмдөрдүн тилемчилик кылууга эмне түрткү болгон жагдайларын аныктоо. Жашоо-шарттарын иликтеп, мамлекет тарабынан муктаж болгон өспүрүмдөргө жардам көрсөтүү, ал эми кээ бир жарандар жашоосу жакшы болсо да тилемчилик менен жан багууну кесип кылып алгандыгын аныктап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

"Жогорудагы аныкталган өспүрүмдөрдүн аты-жөнүн тастыктаган күбөлүктөрү жок экендиги аныкталып, Кара-Суу районунун айыл өкмөттүн тактамасы менен мыйзамдуу өкүлдөрүнө тапшырылды. Бул багыттагы иш-чаралар Ош облусунун бардык райондорунда уланууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан