Баткен облусунда өспүрүмдөрдүн сууга чөгүү фактыларын алдын алуу боюнча коопсуз болгон каналдарга, көлмөлөргө эскертүү баракчалары илинип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Ага ылайык, Баткен РИИБинин Кара-Бак айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери Кара-Бак айыл аймагына караштуу Кара-Бак, Дөбө, Бай-Кара-Бак, ал эми Дара айыл аймагына караштуу Чет-Кызыл, Жаңы-Жер, Чек айылдарынын тургундары менен жолугушуп, кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
"2021-жыл ичинде Кара-Бак айылындагы мектеп окуучулары уруу-урууга бөлүнүп, массалык мушташуу боюнча 2 факты катталган. Өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алууда милиция кызматкерлери “Көчө баласы” рейдин уюштуруп, түндө өз алдынча жүргөн балдар текшерилүүдө. Кара-Бак айылдык милиция бөлүмү тейлеген аймакта жалпысынан 13 миңден ашуун өспүрүм бар", - деп билдиришти Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан.