Кабул шаары талибандардын колуна өтүп кетүү коркунучу бар экени айтылууда

Ооганстандын борбору Кабул шаары талибандардын колуна өтүп кетүү коркунучу бар. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Басылмалардын маалыматына караганда, учурда радикалдуу "Талибан" кыймылы Ооганстандагы экинчи маанидеги шаары Кандагарда согуш жүргүзүшүүдө.

"Талибан" кыймылы бир жумада 34 провинциянын тогузун колго алды.

Шаршемби күнү талибандар Файзабад шаарынын түндүк-чыгышындагы Бадахшан провинциясын басып киришти. Ошондой эле бүгүн Кабул шаарынын 150 чакырым алыстыкта жайгашкан Газни шаарынын борборун басып алды", - деп жазышты басылмалар.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы - Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан