Опера жана балет театрынын артисттеринин маселеси дагы деле чечиле элек. Акыйкатчы ишти көзөмөлгө алды

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрындагы укук бузуулар тууралуу айтып чыккан артисттердин маселеси дагы деле чечиле элек. Бул туурасында Акыйкатчы институтунун маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, 11-августта акыйкатчы Токон Мамытов артисттерди кабыл алды. Артисттердин айтымында, театрдын жетекчилиги балет бийчилерине кысым көрсөтүүнү жана куугунтуктоону улантууда. Балет артисттеринин ар-намысын жана кадыр-баркын басмырлоо дайыма болуп жатат.
"Артисттер кайрылган уюмдардын эч бири аларга тийиштүү жазуу жүзүндө жооп бербегенин жана көйгөйлөрүн чечүү үчүн чара көрбөгөнүн жазышат. Бир гана Свердлов районунун прокуратурасы администрация тарабынан тартип бузуу фактысын тааныган. Бирок Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги этибарга албай келет. Ал эми министр билмексен болуп жатканын айтышат", - дешти мекемеден.
Артисттердин укуктарын коргоо маселеси Акыйкатчы аппаратынын жарандардын социалдык – экономикалык жана маданий укуктарын коргоо бөлүмүнүн көзөмөлүндө.

Эске салсак:

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 6-мартка белгиленген спектакль коюлбай калган. Анда театрдын айрым артисттери коммерциялык спектаклге акы төлөнбөйт деп баш тартышкан.

Спектакль коюлбай калгандан кийин 9-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын кызматкерлери маалымат жыйын беришкен. Анда балетчилер Коммерциялык спектаклге катышпагандыгынын себеби бул үчүн акы төлөнбөгөнүн билдиришкен.

Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аталган театрдагы болгон жагдай боюнча атайын комиссия түзгөнү маалымдалган. Комиссиянын корутундусуна ылайык, жетекчилерге эскертүү берилип, келишимдерди жаңыдан түзүү тапшырылган.

Кийинчерээк биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков министрликтин жетекчилиги, ошондой эле театрдын жетекчилиги, артисттери менен жолугушуп, спектаклды коюудан баш тартуу себептерин талкуулаган.

1-июнь күнү 10дой артист иштен кетүү арызын жазышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан