АКШнын Mansion Global кыймылсыз мүлк порталы 11-августта Голливуд жылдызы Леонардо Ди Каприо Тюдор стилиндеги үйүн 5 миллион 750 миң долларга баалап, сатыкка койгонун жазды.
Турак-жай Лос Анжелестин Лос-Фелиз-Окс районунда жайгашкан. Актёр үйдү үч жыл мурун сатып алган. Анын аянты 427 чарчы метрди түзөт. Имарат 1926-жылы курулган. Бул үйдө азыркы заманбап стилиндеги 5 уктоочу бөлмө, конок үйү, ашкана, үй кинотеатры жана йога үчүн машыгуу зонасы бар. Мындан сырткары бассейн, SPA-бөлмө жана жумшак эмеректери менен эс алуучу жай бар. Үйдүн айланасы бийик дарактар менен курчалган. Буга чейин Ди Каприо үч жыл мурун Лос-Анжелес аймагындагы үйүн 150 миң долларга саткан.
Белгилей кетсек, Ди Каприо 1991-жылдан бери экран алдында. 6 жолку "Оскар" сыйлыгынын ээси.