Кабул бийлиги бир канча айдан бери өлкөдө токтобой келе жаткан куралдуу кагылыштарды жана зордук-зомбулуктарды токтотуу үчүн радикалдуу "Талибан" кыймылынын өкүлдөрүнө өлкөдөгү бийликти тең бөлүшүүнү жана мамлекеттик маселелерди бирге чечүүнү сунуштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ооган өкмөтү талибдер менен тез арада тынчтык жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл деп эсептейт. Анткени Ооганстанда абал күндөн-күнгө начарлап баратат. Учурда аталган өлкөдө өкмөттүк күчтөр менен "Талибандын" согушкерлеринин арасында Гильменд провинциясында жайгашкан Лашкаргах шаары үчүн айыгышкан салгылаш жүрүүдө. Ал эми аталган шаардагы полициянын штабы эчак эле согушкерлердин колуна өтүп кеткен.
Бир канча күн мурда эле талибдер Ооганстандын провинциялардын борборлорунун бири Газни шаарын басып алганы кабарланган. Бул согушкерлер басып алган онунчу борбор шаар. Газни шаары Ооганстандын борборунан 130 чакырым гана алыстыкта жайгашкан. Бул окуядан кийин Кабулдун да талибдердин колуна өтөрүнө аз гана күн калды деген кабарлар тараган.
Ал эми 1-августта Кундуз шаарынын аба майданы талибдердин карамагына өткөн. Ошондой эле аталган шаарды коргоо үчүн салгылашып жаткан ондогон жоокер согушкерлер тарапка өтүп кеткен. Мындан тышкары Файзабад шаары эч кандай каршылыксыз басып алынган.
Айрым маалыматтарга караганда, Ооганстандын аймагынын 65 пайызы согушкерлердин карамагында калды. Эми талибдер дагы 11 провинциянын борбор шаарларын жана башкы борбор Кабулду басып алууга аракет кылышууда.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы - Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.