Экс-президент Сооронбай Жээнбеков УКМКга сурак берип чыгып кетти. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Назгүл Кыдыралиева билдирди.
Бүгүн, 12-августта Сооронбай Жээнбеков УКМКга "Кумтөр" иши боюнча суракка чакыртылгандыгы кабарланган. Ал 2017-жылы премьер-министр болуп иштегендиги үчүн "Кумтөр" иши боюнча күбө катары суракка чакыртылганын УКМК билдирди.
8-июлда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын берип, анда кайсы гана саясатчы болбосун аны жоопко тартууга УКМКнын күчү, эрки жана акылы жете тургандыгын айткан.