"Дүйнөнү сактап калуунун жалгыз жолу болчу". АКШда өз балдарын атып өлтүргөн жаран кармалды

АКШнын Калифорния штатынын полиция кызматкерлери тарабынан өз балдарын атып өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн укук коргоо органдарынын маалыматына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта 40 жаштагы Тейлор Коулман аттуу жаран 2 жаштагы уулун жана 1 жаштагы кызын атып өлтүргөндүгү айтылат. Аталган шектүүнүн жубайы полиция кызматына жолдошу уулу менен кызын алып кеткен боюнча кайрылып келбегенин билдирип арыз жазган.

Издөө иштеринин натыйжасында, шектүү Мексиканын чек арасына өтүп, уулу менен кызын атып өлтүргөндүгү белгилүү болгон. Мексиканын полиция кызматкерлеринин жардамы менен балдардын денеси табылып, шектүү АКШнын аймагына келе жаткан жеринен кармалган. Ал кылмышын толугу менен моюнуна алып, мындай кадамга баргандыгынын себебин балдарынын "желмогузга" айланып кетишинен коркуп өлтүргөнүн айткан. "Аялымдын гени мутацияланып жатат, балдарым жакынкы күндөрү "желмогузга" айланмак. Бул кылганым туура эмес экенин билгем, бирок бул дүйнөнү сактап калуунун жалгыз жолу болчу", - деген ал.

Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Luna7
2021-08-12 22:32:05
Фантастика Ужас кинодорду коп коргон окшойт
+2
KG-312
2021-08-12 22:36:33
Жин кирип кетиптир.
+2
al-abu-kinesz
2021-08-13 12:13:56
Булар кино менен жашап калган да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан